• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Камактагы Зулпукаров кат жолдоду

10 Кулжа 2021 9:22 Бишкек Govori.TV

«Кумтөр иши” боюнча камакка алынган Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров абактан кат жазды. Зулпукаровдун катын журналист Шайырбек Абдрахман «Фейсбуктагы» баракчасына жайгаштырды. Анда ал өзүнө тагылган айыпты четке каккан.

“Кумтөр” ишканасы боюнча ишке бир да тиешем жок. Мен «Кумтөрдө» иштеген кызматкерлерди тааныбайм. Түзүлгөн депутаттык комиссиянын корутундусу Жогорку Кеӊеште каралып жаткан учурда, бир да ооз эки жана кагаз түрүндө сунуш да бербептирмин. Эгер мыйзам иштесе мага карата мындай чечим чыгышы мүмкүн эмес эле. Сабыр кылып мыйзамдуу акыйкат чечим чыгышын күтүп туралы», — деп жазган депутат.

Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров сот чечими менен 31-июлга чейин УКМКнын тергөө абагында камакта калтырылган. Алар «Кумтөр» иши боюнча Жазык кодексинин 319-беренесинин («Коррупция») негизинде шектелип жатат.

Количество просмотров: 3800