Камактагы саясатчылар Бектур Асанов, Кубаныч Кадыров, Эрнист Карыбеков мурдагы мамлекеттик катчы Дастан Сарыгуловго ачкачылык кармабоосун суранып кайрылышты.
«Урматтуу Дастан Исламович! Сиздин ден соолугунуздун абалы начар экенин жакшы билебиз. Кийинки эки жыыл ден соолугунузга чон зыян алып келди. Биз суранабыз — ачкычылык кармабаныз. Сиз элге керексиз»,-деп жазылат кайрылууда.
Мамлекеттик төңкөрүш жасоого айыпталып соттолгон Бектур Асанов, Эрнест Карыбеков жана Кубанычбек Кадыров эки жумадан бери ачкачылк кармоону улантууда.
Алардын туугандарынын айтымында, Бектур Асановдун абалы оор. Ал бир нече жолу өзүн жоготкон. Жаза аткаруу кызматы саясатчылардын ахыбалын укол менен кармап жатышат.
Эскерте кетсек, «Эл үнү» коомдук уюмунун мүчөлөрү мамлекеттик төңкөрүш жасоо айыбы менен кармалган. Алардын ичинен Дастан Сарыгулов сот залынан бошотулуп. Эрнест Карыбеков 20 жылга, Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров 12 жылга эркинен ажыратылган.
“GOVORI.TV”мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында тренинг өткөрүп жатат. Ага Ош, …