• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Камактан чыккандар абакта Навальныйга кысым көрсөтүлгөнүн билдиришти

5 Жетинин айы 2021 9:41 Бишкек Govori.TV

Камактагы орус оппозициячысы Алексей Навальный менен Покровкадагы абакта бир отрядда жаза мөөнөттөрүн өтөп чыккан Нариман Османов менен Евгений Бурак «Дождь» телеканалына маек берип, аларды оппозициячыга кысым көрсөтүүгө мажбурлашканын билдиришти.

Османовдун айтымында, алар жаза өтөгөн отряд атайын Навальный үчүн түзүлүп, андагылардын баарына оппозициячы менен сүйлөшпөө жана анын ар бир кадамы тууралуу кабарлап туруу тапшырмасы берилген.

Османов абакта Навальный салттуу ориентацияда эмес экени тууралуу тасма көрсөтүлгөнүн билдирди. Бул маалыматты Евгений Бурак да ырастады. Анын айтымында, Навальныйдын жанында дайыма ондон кем эмес адам болуп, чагымчылдык аракеттер менен аны кимдир-бирөөнү уруп жиберүүгө аргасыз кылууга аракеттенишкен. Бирок Навальный алардын мындай чагымчылдыгына алдырган эмес.

Османовдун айтымында, Навальный ачкачылык кармап жаткан күндөрдүн биринде кароолчулар “жарым кап колбаса алып келип”, атайылап анын жанында куурушкан. Мындан тышкары Навальный абактын түрмөсүнөн кайтып келгенден кийинки алгачкы күндөрү анын уктоосуна мүмкүнчүлүк бербей, атайылап кыйкырып, “түрдүү үндөрдү чыгарып турушкан”.

Навальный жыл башында Германиядан дарылануудан келери менен камалган. Ал Кремлдин көрсөтмөсү менен ууландырылганын айтып келет. Москва бул дооматты четке кагууда. Евробиримдик Навальныйдын камалышына жана ууландырылышына байланыштуу орус аткаминерлерине санкция салган.

45 жаштагы Навальный мурда козголгон иши боюнча 2,5 жылга кесилген. Ал бул иштин саясий мүдөөсү бар экенин айтып келет.

Количество просмотров: 291