• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Навальныйдын соту «анын кайда экени аныкталганга чейин» токтотулду

19 Бештин айы 2023 9:13 Бишкек Govori.TV

Саясатчы Алексей Навальныйдын доо арызы боюнча өтө турган сот отурумдары анын кайсыл жерде экени «такталганга чейин» токтотулду. Бул тууралуу оппозиционердин басма сөз катчысы Кира Ярмыш билдирди. Навальный 13 күндөн бери байланышка чыга элек.

Ярмыштын айтымында, 18-декабрда Навальныйдын арыздары боюнча жети сот отуруму өтүшү керек болчу.

«Алгачкы экөө буга чейин болгон – ага саясатчы видеобайланыш аркылуу да катыштырылган эмес. Навальныйдын жүргөн жери аныкталганга чейин иш токтотулду», — деп белгиледи ал.

Ярмыш өткөн дем алыш күндөрү «Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун» юристтери өлкө боюнча 200дөн ашуун тергөө абагына кат жөнөтүшкөнүн жана алардан саясатчынын ыктымал жүргөн жери жөнүндө жооп күтүп жатышканын билдирди.

Алексей Навальный өзгөчө катаал режимдеги түрмөгө которулуп жатканын Жаза аткаруу кызматы 12-декабрда Владимирде өткөн сот жараянында билдирген. Бул тууралуу SOTAvision телеграм-каналы 15-декабрда жазган.

Маалыматка караганда, «2023-жылдын 4-августунда Москва шаардык соту чыгарган өкүмдүн күчүнө киргенине байланыштуу, ал соңку кездери жазасын өтөп жаткан 6-түрмөдөн Владимир облусунан сырткары жайгашкан мекемеге которулду».

Август айында сот Навальныйды «экстремисттик уюмду түзүүгө жана каржылоого» күнөөлүү деп таап, 19 жылга эркинен ажыраткан. Орусияда өзгөчө катаал режимдеги 30 түрмө бар. Мыйзамга ылйык, ал жакта негизинен өмүр бою эркинен ажыратылгандар же өзгөчө кооптуу рецидивисттер жазасын өтөшөт.

«База» телеграм-каналы вандализм боюнча тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Навальный Москвага жеткирилиши мүмкүн экенин жазган. Бул кабар расмий тастыктала элек. Кийинчерээк Телеграм-канал маалыматты башка булактар да тастыктаганын белгилеген. Бирок алардын айтымында, Москва саясатчы которула турган акыркы жер болбошу мүмкүн.

«Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун» директору Иван Жданов Алексей Навальныйдын кайда экени тууралуу толук жана ишенимдүү маалымат үчүн сый акы жарыялады.

Количество просмотров: 54