• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Сыдыгалиев: Экс-министрлер Транспорт министрлигинин ишине кийлигишүүдө

28 Теке 202113:02 Бишкек Govori.TV

Айрым мурдагы транспорт министрлери азыр да министрликтин ишине кийлигишип жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин вице-спикери Нурбек Сыдыгалиев парламенттин 28-июлдагы отурумунда транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Нурлан Кайынбаевге суроо берип жатып айтты.

Сыдыгалиевдин айтуусунда, Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун Жумгал районундагы 70 км «Эпкин-Баш-Кууганды» жол тилкесин салуу боюнча тендердин создуктурулуп жатканына мурдагы транспорт министри себепкер.

«Мен сизге айтып коеюн. Силер банкка көз каранды эмессиңер. Силер ошол жерде иштеп кеткен экс-министрлерге көз карандысыңар. Ошолор кийлигишкенин коймоюнча оңолбойсуңар. Аны баары жакшы билет, мен азыр аты-фамилияларын айтпай эле коеюн. Кимдер кийлигишип жатканын билебиз», — деди вице-спикер.

Ал эми министрдин орун басары тендерге эч ким кийлигишпегенин билдирди.

Количество просмотров: 122