• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

УКМК вице-спикер Сыдыгалиевдин Жамангулов боюнча сөзү ырасталбаганын айтты

17 Чын куран 202510:01 Бишкек Govori.TV

УКМК Башкы прокуратура “Мегакомдун” мурдагы жетекчиси Акылбек Жамангуловго кылмыш ишин козгоп, каражат алып кайра коё бергени тууралуу маалымат ырасталбаганын билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, бул тууралуу парламентте сөз сүйлөгөн Жогорку Кеңештин вице-спикери Нурбек Сыдыгалиев, экс-башкы прокурор Курманкул Зулушев, Акылбек Жамангулов жана башка адамдардын катышуусунда текшерүү жүргүзүлгөн. Анда Нурбек Сыдыгалиев өзү да айткандарын тастыктай турган фактылар жок экенин мойнуна алганы айтылды.

“Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Сыдыгалиевдин маалыматы так эмес жана чагымчыл мүнөздө болуп, өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалдын курчушуна алып келип, жарандардын мамлекеттик органдарга ишенимин кетириши мүмкүн. Буга байланыштуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Нурбек Сыдыгалиевге келечекте мындай билдирүүлөргө жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү”, — деп айтылат маалыматта.

Нурбек Сыдыгалиев Курманкул Зулушев Башкы прокуратураны жетектеп турганда Акылбек Жамангуловго кылмыш иши козголуп, ал акча бергенден кийин бошотулганын, буга байланыштуу арыз жазууга да даяр экенин айткан. Андан тышкары канча каражат бергенин да айтып берерин билдирген. Бул тууралуу вице-спикер 15-апрелде Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелер жана Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү комитеттеринин биргелешкен жыйынында айткан.

Количество просмотров: 204