Бүгүн, 18-июнда Бишкек шаарынын Баялинов менен Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсык болду. Бул тууралуу соцтармактарда кубөлө кабарлоодо.
Адардын айтымында, «КамАЗ» тез жардам кызматынын унаасын сүздү. Ошондой эле «Митсубиси Паджеро» унаасы да жабыркады.
Маалыматка ылайык, медицина кызматкерлери оор жаракат алды. Алар учурда №4 шаардык ооруканада.
Ал эми Милициянын кайгуул кызматынын маалыматы боюнча, жол кырсык саат 13:40 чамасында болгон. Жол кырсыктын кесепетинен 3 адам жабыркады. Алардын экөө тез жардам кызматкерлери болсо, бирөө «КамАЗдагы» адам.