Камбар-Ата 2 ГЭСиндеги абал боюнча түшүндүрмө берилди
Камбар-Ата 2 ГЭСиндеги абал боюнча түшүндүрмө берилди
30 Тогуздун айы 2018 13:09 Бишкек Govori.TV
Бишкек.30.10.2018.Govori.TV.
“Электр станциялары” ишканасы Камбар-Ата 2 ГЭСиндеги абал боюнча түшүндүрмө берди. Компаниянын маалыматына караганда, учурда ГЭСте авариялык абал түзүлгөн жок. Бирок гидроагрегат толуп калгандыктан азыр аны тазалоо иштери жүрүп жатат.
“Электр станцияларынын” маалыматы боюнча Камбар-Ата 2 ГЭСине чейин Нарын дарыясынын жогорку нугунда гидротехникалык жабдыктар жок. Буга байланыштуу дарыядан агып келген баткак ГЭСке топтолот.
“Бул күтүлбөгөн, бирок оңдоло турган абал. Аны оңдоо ноябрдын аягына чейин бүткөрүлөт. Учурда өлкөдөгү ГЭСтер 2652 МВт электр энергиясын өндүрүүдө. Бул пландалгандан 739 МВтка көп. Ал эми Камбар-Ата 2 ГЭСи 90 МВт электр энергиясын өндүрөт. Аталган ГЭСтеги абал өлкөдөгү электр энергиясын колдонууга эч кандай таасирин тийгизбейт”, — деп айтылат “Электр станциялары” ишканасынын билдирүүсүндө.
Эскерте кетсек, буга чейин энергетика жаатындагы эксперт Расул Үмбөталиев Камбар-Ата 2 ГЭСинде өндүрүштүк кырсык болуп, муну тиешелүү органдар жашырып жатканын айтып чыккан болчу.
Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча франциялык компания менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү
Президенттин администрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги Айбек Жунушалиевдин Улуу Британия …
Орто-Токойго чакан ГЭС куруу боюнча келишимге кол коюлду
Күн мурун, 13-январда Кыргызстандын Энергетика министрлиги, Экономика жана коммерция министрлиги, Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фонд …