Биринчи май райондук соту кримавторитет Камчы Көлбаевдин баш коргоо чарасынын мөөнөтүн узартты. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы бүгүн, 24-февралда билдирди.
Маалыматка ылайык, Көлбаев 22-мартка чейин №47 түзөтүү колониясында камакта калтырылды. Чечим 17-февралда чыккан.
Эске салсак, Камчы Көлбаев 22-октябрда Бишкек шаарында кылмыштуу уюм түзгөн же ага катышкан деген шек менен кармалган. Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, кийин №47 түзөтүү колониясына которулган.
Камчы Көлбаев Кыргызстанда «мыйзамдагы ууру» атыгып, уюшкан кылмыштуу топтун башчысы катары таанылган. Ал киши өлтүрүү, курал-жарак сатуу, мыйзамсыз курал алып жүрүү кылмыштарына катышкан деп айыпталып, 2000-жылы 25 жылга эркинен ажыратылган. Анын жети жылын өтөгөн соң, мунапыстын негизинде жаза мөөнөтү кыскартылып, 2008-жылы мөөнөтүнөн мурда бошоп чыккан.