• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Камчы Көлбаевдин мурдагы жансакчысы кармалды

26 Жалган куран 2024 13:47 Бишкек Govori.TV

Бишкек ШИИББнын Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү “Данила” каймана аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББнын басма сөз кызматы билдирди.

Бишкек ШИИББнын Кылмыш иликтөө башкармалыгына уюшкан Көлбаевдин кылмыштуу топбунун мүчөсү “Данила” каймана аты менен белгилүү болгон жаранда белгисиз маркадагы ок атуучу курал сакталып жүргөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн.

Аталган фактынын негизинде Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесине (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) ылайык кылмыш иши козголду.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынан 1976 туулган С.Д. «Данила» аттуу каймана аты менен шектүү кармалган. Райондук башкармалыктын Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

«Шектүү С.Д., мурда (Адам уурдоо) (Каракчылык) беренелерине ылайык бир нече жолу соттолгондугу аныкталган. Бир кезде Камчы Көлбаевдин жакын айдоочусу, жансакчысы, ишенимдүү санаалаштарынын бири болгон. Уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөш жүрүп жатканына карабастан, ал кылмыштуу уурулардын идеологиясын колдоону улантып, абактагы адамдарга каржылык колдоо көрсөтүүнү жана азык-түлүктөрдү жигердүү көрсөтүп келген. Жүргүзүлгөн кылмыш ишинин алкагында кылмышка шектүүнү тинтүү учурунда 9 мм калибриндеги Макаров үлгүсүндөгү ок атуучу курал табылып, мамлекеттик номурлары өчүрүлгөн, 1 даана магазини, 8 даана гильзалары алынган»,-деп жазылат маалыматта.

Иликтөө иштери уланууда.

Количество просмотров: 124