• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды

5 Тогуздун айы 2021 17:26 Бишкек Govori.TV

Кримтөбөл Камчы Асанбектин (Камчы Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 3-октябрында УКМК тарабынан сотко чейинки өндүрүш материалдарынын алкагында, К.Асанбектин уюшулган кылмыштуу тобунун мүчөсү, 1958-жылы туулган Ф.А.Г. аттуу Казакстан Республикасынын жараны кармалды.

«Кармалган Ф.А.Г. буга чейин баңгизат, курал-жарак, каракчылык иштери жана уюшкан кылмыштуу топту түзүү, ошондой эле Казакстан менен Кыргызстанда жана башка КМШ өлкөлөрүнүн аймагында уурдалган кымбат баалуу унааларды сатууну көзөмөлдөө үчүн бир нече жолу соттолгону аныкталды. Ф.А.Г. УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди»,-деп айтылат маалыматта.

Анын Кыргыз Республикасынын аймагында башка да кылмыштарга тиешеси бар экендигин аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 402