• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Камчыбек Ташиев: Ак-Сай айылынын тургундарын кордогондор жоопко тартылышы керек!

25 Теке 201912:26 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 25.07.2019. Govori.TV

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасында болгон окуядай кийин социалдык түйүндөгү жеке баракчасына бийликке кайрылуусун жазды.

Анда мындай деп жазылат:

Урматтуу бийлик ээлери!
Кечээги Ак Сайлыктарды аткылап,токмоктоп ,коркутуп элдин үшүн алганыңар таптакыр туура эмес болду. Элге жасалган бул мамилеңер үчүн жооп беришиңер керек. Эгерде силердин ошол жасаган жумушунар эл үчүн болуп жатса, анда эмнеге ошол элге түшүндүрүп,тил табыша албайсыңар? Эмнеге өздөрү кыйналып чек арада турмуш өткөрүп,жапа чегип турган адамдарды дагын токмоктоп, аткылап түшүндүрөсүңөр?Кантип эле чоңдордун арасында эл менен сүйлөшө турган, элди көндүрө ала турган бирооңор жок? Анда эмнеге эл, мамлекет, бийлик деп иштеп жүрөсүңөр?
Элдин убалынан корккула, бийлик, байлык түгөнөт, бүтөт, а эл ар дайым кала берет,элибиз түгөнбөйт, элге кол көтөргондү токтоткула, азыркы бийликте олтургандар силерди ошол карапайым,жөнөкөй эл колдоп анан келгенсиңер, унутпагыла!!!
Ак-Сай айылынын тургундарын кордогондор жоопко тартылышы керек!
Урматтуу Президент, элге көңүл буруңуз,элден алыстабаныз, чара көрүңүз кеч болуп кала электе, мен коркпоймун, Элим үчүн башымды сайып коюуга даярмын, баарыбыз АЛЛАХдын колундабыз!!!

Количество просмотров: 14