Бишкек.15.03.2019. Govori.TV
Саясаты Камчыбек Ташиев Кыргыз-тажик чек арасында эки тараптан чыккан чырдын жеринен кабар алганы барып, жергиликтүү тургундар менен баарлашып, аларды сабырдуулукка чакырды. Бул тууралуу видеону фейсбук колдонуучусу жарыялады.
Эскерте кетсек, кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу Камчыбек Ташиев өз пикирин фейсбуктагы баракчасына бөлүшүп, жаңжал чыккан аймакка жөнөп жатканын айткан.
Эске салсак, 13-мартта Кыргызстандын Ак-Сай жана Тажикстандын Мехнатабад айылынын тургундарынын ортосунда жаңжал чыккан. Чырды эки өлкөнүн чек арачылары келип токтотушкан.