УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 12-октябрда Баткен облусунун Сүлүктү шаарында 2051 аскердик шаарчасынын ачылышына катышты. Бул тууралуу анын тарапташтары социалдык тармактарга жарыялашты.
«Бөрү» атайын багыттагы аскердик бөлүгүндө жашоого керектүү бардык заманбап шарт түзүлгөн. Камчыбек Ташиев аскер шаарчасындагы бардык шарттар менен таанышып чыкты. «Бөрү» аскердик бөлүгүн мындан дагы жакшыртуу аракеттери көрүлөөрүн айтты.
КамчыбекТашиев «Бөрү» атайын багыттагы аскер бөлүгүнүн кызматкерлери үчүн курулган турак жайын да көрүп чыкты. «Бөрү» атайын багыттагы аскер шаарчасында аскердик штаб, ашкана, жатакана, спорт комплекси, мончо, эс алуу жайлары бар.
Ушул эле күнү Камчыбек Ташиев Баткен облусунун Лейлек районунда «Кайрагач» чек ара заставасынын ачылышына да катышты.
Аталган чек ара заставасы 2012-жылы курулуп башталып, бирок бүткөрүлбөй, кароосуз калган. Камчыбек Ташиевдин жеке көзөмөлү астында курулуш иштери кыска мөөнөттө заманбап шарттары менен бүткөрүлдү.
«Кайрагач» чек ара заставасы заман талабына толук жооп берет. Чек арачылардын кызматтык милдеттерин так аткарышы үчүн бардык тийиштүү аскердик каражаттар менен камсыздалган. Мончо, спорт комплекси бар, аскер кызматкерлеринин эс алуусу үчүн да шарттар түзүлгөн.
Камчыбек Ташиев чек арачыларды куттуктап жана кызматтык милдеттерин так аткарууга, мыйзамды кынтыксыз сактоону эскертти:
«Мамлекетибиз тарабынан, урматтуу президентибиз тарабынан сиздер үчүн ушунчалык көңүл бурулуп, чек арабыздын бекем болушу үчүн болгон мүмкүнчүлүктөр колдонулуп жаткандан кийин, сиздер дагы өз милдеттериңерди так, берилгендик менен жана мыйзамды кынтыксыз сактоо менен аткарышыңар керек. Араңарда анча-мынча мыйзамсыздыктарга жол берип жаткандар бар экенин билемин. Эгер тез арада ал кемчилдиктерди жойбосоңор, мен тараптан катуу чаралар көрүлөт! Мекенибиздин чек арасын, тынчтыгын жана коопсуздугун сактоодо эч кандай маселе болбошу керек…» — деди Камчыбек Ташиев.