• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Камчыбек Ташиев «Достук» чек ара бекетин күтүүсүз текшерди

26 Аяк оона 20249:07 Бишкек Govori.TV

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен жергесине жасаган жумушчу сапарынын алкагында Ош шаарында жайгашкан кыргыз-өзбек чек арасындагы «Достук» чек ара бекетин күтүүсүз текшерди.

Атайын кызматтан билдиришкендей, Ташиев ал жердеги реалдуу абал менен таанышып, кемчилдиктерди көрүп, тийиштүү жетекчилерге жана кызматкерлерге жеринен тапшырмаларды жана эскертүүлөрдү берди.

Камчыбек Ташиев чек ара өткөрүү пунктунда эки тарапка өтүп жаткан жарандардын узун кезекте турганына күбө болду жана мындай абалга жол берип жаткан кызматкерлерге ыкчам иштөөгө, айрыкча жарандардан жана унаалардан пара алууга, коррупцияга жол берилбеши керектигин катуу эскертти.

Алдыда дагы өлкө аймагындагы чек ара өткөрмө жайларына жана башка мекемелерге күтүүсүз текшерүүлөр менен бараарын, эгер талаптагыдай жумуш жүрбөй жаткан болсо, аёосуз чаралар көрүүлөрүн белгиледи.

Количество просмотров: 85