Бүгүн 17-декабрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттер үчүн маалымат жыйынын өткөрдү.
Анда ал мамлекеттин түрдүү тармактарындагы коррупциялык иштер тууралуу айтып, жалпы мамлекетке канча каражат түшкөнү боюнча маалымат берди.
Анын ичинде курал-жарак сатып алуудагы коррупция, Коргоо министринин орун басары Эмил Осмоновдун кызматтан кетиши тууралуу да айтты.
«Бюджеттен курал-жарак сатып алууга миллиарддай сом бөлүнгөн. Алар ушул сумманы коррупциялык жол менен чыгара башташкан, жасалма келишимдер түзүлгөн. Ушул иш боюнча Сербиянын эки жараны отурат, биздин да эки жаран отурат. Коргоо министринин орун басары Эмил Осмонов да кандайдыр бир аралашып калган. Ал кызматтан алынды. Бирок иштин алкагында анын жоопкерчилиги да каралып жатат. Мен сумманы айткан жокмун, сот чечиминен кийин так сумма ачык айтылат», — деди УКМК жетекчиси.
Ушул жылдын октябрь айында Коргоо министринин орун басары Эмил Осмонов кызматынан алынганын эске салабыз.