• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Камчыбек Ташиев Москвада мигранттар менен жолугушту

30 Тогуздун айы 2020 12:19 Бишкек Govori.TV

29-октябрда кечинде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Москвада кыргызстандык мигранттар менен жолугушканын чогулушка катышкан диаспора өкүлдөрү билдирди. Жыйынга кыргыз диаспораларынын 120дай өкүлү – Орусиянын ар кайсы райондук жана облустук бирикмелеринин, коомдук уюмдардын жетекчилери жана активисттер алдын ала тизме менен чакырылган.

Жолугушуунун жүрүшүн фото-видеого тартууга жана түз эфирден берүүгө уруксат берилген эмес.

УКМК жаңы дайындалган жетекчисинин Орусияга сапары жана максаты тууралуу расмий кабар тараган жок. Кыргызстандын башкы чекисти чет мамлекетте мигранттар менен жолуккан учур алгачкы ирет катталды.

Жолугушуу «Президент-Отель» мейманканасынын банкеттик залында уюштурулган. Москванын борборунда турган мейманкананын «Большой Петровский» залынын эки сааттык ижарасы 180 миң рубль турат.

5-октябрдагы элдик толкундоолордон кийин келген жаңы өкмөттүн курамында Камчыбек Ташиев УКМКнын жетекчиси болуп 15-октябрда дайындалып, 28-октябрда парламентте ант берген.

Ташиевге чейин 22-23-сентябрда Москвага иш сапар менен тышкы иштер министри Руслан Казакбаев барып, Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушкан. Ага улай Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу – премьер-министр Садыр Жапаровдун кеңешчиси Чыңгыз Айдарбеков Москвага барган. Москвадагы элчилик Айдарбековдун сапары жана анын алкагында пландалган жолугушуулар тууралуу кабары жоктугун билдирген.

Количество просмотров: 55