• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Камчыбек Ташиев Самаркандек айылынын тургундары менен жолугушту (сүрөт)

15 Жалган куран 2021 16:36 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 15-мартта УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен облусундагы Самаркандек айылынын жергиликтүү тургундары менен жолугушушту. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө чек ара аймактарынындагы жашоочулары туралуу маанилүү маселелер талкууланган.

«Камчыбек Ташиев баардыгына кайрылып, бардык чек ара маселелери мамлекеттин өзгөчө көзөмөлүндө экендигин жана коңшу мамлекеттер менен сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын айтты. Чек аранын бардык талаштуу тилкелери мамлекеттин кызыкчылыгына ылайык, тынчтык жолу менен гана чечилерин айтып кетти. Ошондой эле Камчыбек Ташиев аткезчиликти жана башка кылмыш иштерине бөгөт коюуга багытталган укук коргоо жана башка органдардын мыйзамдуу аракеттерине тоскоолдук кылгандар үчүн кылмыш жоопкерчиликтер караларын баса белгиледи. Жолугушуу конструктивдүү маанайда өттү»,-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Ташиев Лейлек районуна барып, коңшу Тажикстан мамлекетине сапар алат. 16-март күнү Кыргызстандын жана Тажикстандын чек ара боюнча мамлекеттик комиссияларынын жетекчилери жолугушат. Анда Камчыбек Ташиев коңшу өлкөнүн тийиштүү жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Количество просмотров: 241