• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Камчыбек Ташиев Текебаевдин кадамдарын эки жүздүүлүк катары баалады

12 Кулжа 2019 12:28 Бишкек Govori.TV

Бишкек.12.06.2019.Govori.TV.

Өмүрбек Черкешович убагында биз камалганда бир нече бадырайта жазылып турган мыйзамдар одоно бузулгандыгын билип, көрүп туруп, бир ооз  сөз айтып койгонго жараган эмес.  Мындай пикирин экс-депутат Камчыбек Ташиев Govori.TV агенттигинин билдирди.

Айтымында, “Эгерде адам чынчыл болом десе, аягына чейин чынчыл болуш керек да. Бир тараптуу чынчылдык –бул жакшылкка алып келбейт. Эгерде сенин адамың, сенин жакының , тарапташың жабыр тартып атса, ошого гана чынчылдык көрсөтүп, ошол эле мезгилде башка тараптагы адам жабыр тартып жатса, ал адамга карата  мыйзам бузуу болуп атса, аны көрмөксөнгө салып коюш — мына ушул эки жүздүүлүк деп эсептеймин. Өмүрбек Черкешович, убагында биз камалганда бир нече бадырайта жазылып турган мыйзамдар одоно бузулгандыгын билип көрүп туруп, бир ооз  сөз айтып койгонго жараган эмес. Мен ушуну баса белгилегим келет.

Количество просмотров: 17