• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Канаданын Тышкы иштер министрлиги «Кумтөргө» байланыштуу билдирүү жасады

18 Бугу 2021 10:36 Бишкек Govori.TV

«Кумтөргө» байланышкан акыркы окуялар боюнча Канаданын Тышкы иштер министрлиги билдирүү таратты. Анда Кыргызстандагы тоо кен тармагындагы акыркы окуяларга тынчсызданганын билдиришкен.

«Биз Кыргыз Республикасынын парламенти 17-майдагы кезексиз жыйынында «Центерра Голдго» көзөмөл жүргүзүү үчүн «Кумтөр Голд» компаниясына тышкы башкаруу киргизүүгө өтүү тууралуу чечим кабыл алганына, ошондой эле Кыргызстан көптөгөн эл аралык активдер менен канадалык компаниянын үстүнөн көзөмөл жүргүзүүгө жетише турганы тууралуу билдирүүгө таңданып турабыз. Бул Кыргыз Республикасына түз келген чет өлкөлүк инвестицияларга узак убакытка залалын тийгизиши ыктымал. Ошондой эле Канада чет өлкөлүк инвесторлор менен Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин ортосундагы бул талаш бирге иштешкен тараптар үчүн ачык-айкын чечилбегенине таңданат. COVID-19 пандемиясынан кийин экономиканы толугу менен калыбына келтирүү үчүн ачык-айкын жана акыйкаттуу ишкердик чөйрөсү керек. Соода жана чет өлкөлүк түз инвестициялардын көлөмүн төмөндөтө турган мындай чаралар кыргыз элинин экономикалык абалын ого бетер кыйынчылыкка кептейт. Канада эки тарап тең башталып жаткан арбитраждык процесстерге толугу менен катышып, анын жыйынтыгын урматтайт деп күтөт»,-деп жазылган таратылган билдирүүдө.

Эске салсак, 7-май күнү Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту «Кумтөр Голд Компани» ишканасын экологияга тийгизген залакасы үчүн деп мамлекетке 261 миллиард 719 миллион 674 сом (3 миллиард доллардан көбүрөөк) төлөөгө милдеттендирген.

Ага чейин Жогорку Кеңеш министрлер кабинетине ишкананы сырттан башкарууга мүмкүндүк бере турган мыйзам долбоорун жактырган. Президент Садыр Жапаров 14-майда бул мыйзамга кол койгон.
Мындан улам канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы Кумтөр кенине байланышкан окуяга комментарий берген. 11-май күнү УКМК «Кумтөр голд компани» ишканасынын жетекчилери Кыргызстандан чыгып кеткенин билдирди.

Ал арада «Кумтөрдүн» ишин иликтеген мамкомиссия Centerra Gold Inс. менен кенге байланыштуу бардык келишимдерди жокко чыгарууну сунуштады. Анда 3,086 миллиард экологиялык зыян жана 1,166 миллиард салык төлөмдөрү боюнча, жалпысынан 4,3 миллиард доллар боюнча доо арыз берүү каралган. Кечээ, 17-майда Жогорку Кеңеш Кумтөр алтын кенин убактылуу тышкы башкарууга алуу сунушун колдоду.

«Кумтөр» Кыргызстандагы эң ири алтын кени — анын аянты 26,3 миң гектарды түзөт. Кенди 1992-жылдан бери канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы иштетип келет.

Количество просмотров: 8762