Ак-Буура- Араван каналына түшүп кеткен жаранды издөөгө 30 куткаруучу тартылды. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.
Маалыматка ылайык. 10-июнь күнү Ош шаарынын К.Исаков көчөсүнөн өткөн Ак-Буура-Араван каналына 42 жаштагы эркек киши түшүп кеткендиги тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн.
Бүгүн издөө иштерин улантуу үчүн Ош шаардык Куткаруу кызматынан 16, ӨКМдин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 14, жалпы 30 куткаруучу тартылды.