“Бишкексууканал” ишканасынын өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын кызматкерлери Малдыбаев жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги канализацияны тазалашты. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан кабарлашты.
Алардын айтымында, шалаакы абоненттердин аркасы менен канализация бүтүп калган. Жумушчулар канализациядан 100 кг чүпүрөктү, медициналык таштандыларды, кебезди, нымдуу салфеткаларды, полиэтилен баштыктарды жана цементтин бордюрларын алып чыгышты», — деп айтылат маалыматта.