• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Канат Сагымбаев Атамбаевди кандай коргогону тууралуу айтып берди

3 Тогуздун айы 2019 11:07 Бишкек Govori.TV

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы Канат Сагымбаевдин жактоочусу Замир Жоошев өзүнүн Фейсбуктагы баракчасында видео жарыялады.

Жактоочунун айтымында, бул тасма Сагымбаев камакка алына электе, кылмыш ишинин материалдарына тиркөө максатында тартылган.

«Канат Сагымбаев 26-сентябрда оор жана өтө оор кылмыштарды жасаган деп айыпталып, тергөө абагына отургузулган. Бул видеону көргөн ар бир жаран өзү тыянак кылсын – Канат кылмышкерби же сыйлыкка татыган аскер кызматкериби?», — деп жазган ал.

Количество просмотров: 612