Канат Жумагазиев Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу ШИИБден билдиришти.
Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка ички иштер министринин милдетин аткаруучу Мирлан Каниметов кол койгон.
Ошол эле учурда Алмазбек Орозалиев ички иштер министринин орун басары болуп дайындалганы белгилүү болду.