• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

ШИИБ башчысы: Айзаданы 210го жакын милиционер издеди

8 Чын куран 202117:35 Бишкек Govori.TV

Бишкекте уурдалып каза болгон Айзада Канатбекованы 210го жакын милиционер издеди. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин жетекчиси Бакыт Матмусаев парламенттин жыйынында билдирди.

«Ыкчам-иликтөө иштерине Бишкек ШИИБдин борбордук аппаратынын 150дөй, Биринчи май райондук милициянын 60тай кызматкери тартылган. Камераларды караганда Тыныстанов жана Медеров көчөлөрүнөн баштап Ак-Ордого чейин барганы көрүнгөн. Андан ары видео байкоолор жок болгон», — деди Матмусаев.

Количество просмотров: 2371