Борбордогу төрт райондун аймактык кызматкерлери коронавирус учурунда иштегендиги үчүн кошумча акыны албай калгандыктан иш таштаганы жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.
ШИИБдин маалыматына ылайык, милиция штаттык режимде иштеп жатат.
«Күч кызматкерлерине кенемте төлөө боюнча маселе Ички иштер министрлигинин көзөмөлүндө. Тиешелүү документтер Финансы министрлигине жөнөтүлгөн»,-деп айтылат маалыматта.
Буга чейин жергиликтүү айрым ЖМКларга өзгөчө абал учурунда иштегендиги үчүн убадаланган кошумча акы төлөнбөй жаткандыктан, аймактык милиция кызматкерлери 15-июндан тарта жумушка чыкпоону пландаганын жазышкан.