Жогорку Кеңештин “Кыргызстан” фракциясынын лидери Канатбек Исаев «Үмүт 2020» кыймылынын жетекчиси Ширин Айтматованын Токмоктогу сатылып кеткен китепкана боюнча айыптоолоруна жооп берди.
Ошондой эле, ал китепкана эч убакта тарыхый архитектуралык баалуулуктардын катарына кирген эместигин, мунун соттон да аныкталгандыгын, аталган имараттын жараксыз болгондугуна байланыштуу депутаттар ушундай чечим чыгаргандыгын кошумчалады. Мындан сырткары, Канатбек Исаев Ширин Айтматованын иликтөөсүн «курулай ушак» деп баалап, Айтматованы сотко берип, андан айткандарын далилдеп берүүсүн талап кыла тургандыгын кошумчалады.
Мындан сырткары, Канатбек Исаев Ширин Айтматованын иликтөөсүн «курулай ушак» деп баалап, Айтматованы сотко берип, андан айткандарын далилдеп берүүсүн талап кыла тургандыгын кошумчалады.
Эске салсак, «2007-2008-жылдары 100 жылдык тарыхы бар Токмок шаарындагы бирден бир архитектуралык имарат болгон китепкананы бузуп, сатып жиберген»,- деп Ширин Айтматова өзүнүн ютуб каналына чыгарган иликтөөсүндө Исаевге доо койгон болчу.