Ысык-Ата районундагы Кант шаарында окуучу кызды зордуктоого аракет жасаган шектүү изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 10-октябрда Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Түзүмдүн билдирүүсү боюнча, Ысык-Ата РИИБге М.С. аттуу жергиликтүү тургун (аял киши) арыз менен кайрылган. Арызында ал 8-октябрда болжол менен саат 08:55 чамасында Кант шаарында жайгашкан үйдүн подъезддеринин биринде өспүрүм кызын зордуктоого аракет жасаган белгисиз адамга чара көрүүнү суранган. Аталган факт Жазык кодексиндеги 39-161-берене (зордуктоого аракет кылуу) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.
«Учурда милиция кызматкерлери тарабынан шектүүнүн өздүгү аныкталып, анын жүргөн жерин тактоо жана кармоо үчүн ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.
Буга чейин Умида аттуу кыз социалдык тармакка зордуктоого аракет кылган адам тууралуу жазган. Анын билдирүүсү талкууга алынган болчу.