Кантта да каргалардын маасалык өлүмү болуп жатат деп Кактус медиа сайтынын окурманы видео жана сүрөттөрдү жөнөткөн. Окурман мындай көрүнүш бүт Кант боюнча экенин айткан.
Эске салсак, 6-декабрда Кара-Балтанын тургуну шаардын паркы толо өлгөн каргалар экенин билдирген. Каргалардын өлүп жатканын бир канча версиясы айтылууда. Чиновниктер сууктан же ачкалыктан десе эколог Эмиль Шүкүров каргалар ууланып өлүшү мүмкүндүгүн божомолдогон.