Москва шаарында таксист болуп иштеген кыргызстандык 27 жаштагы жаран травматикалык тапанчадан атылган октон жаракат алганын маалымат булактары, Телеграм-каналдар жазып чыкты.
Соцтармактарда окуянын унаанын видеосу тарап жатат. Видеодогу кадрларда чечен жараны унаанын жолун тороп, айдоочу менен айтышып, ачык терезеден бир нече жолу ок чыгарганын көрүүгө болот. Ал из жашырып качып кеткен.
«Аргументы и Факты» гезити маалымдагандай, полиция кызматкерлери бул факт боюнча 39 жаштагы шектүүнү колго түшүрүп, анын жанынан травматикалык тапанчаны табышкан.
Жабырлануучу ооруканага жеткирилген.