Орусиянын Кант шаарындагы авиабазасы боюнча Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы макулдашууга толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү, эки өлкө ортосундагы протоколду ратификациялоо жөнүндө Кыргызстандын мыйзам долбоору 4-июнда биринчи окууда каралат. Демилгечиси – кыргыз өкмөтү. Бул тууралуу Парламенттин расмий сайтындагы маалымдалат.
Мыйзам долбоорунун негиздемесинде айтылгандай, азыркы учурда «Кант» аэродромунун учуп-конуу тилкесинин жасалма төшөлмөсүн толук алмаштыруу жана айрым конструкциялык өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл болгондуктан иш капиталдык салымды талап кылат.
Ошондой эле негиздемеде «жасалма төшөлмөнү Орусия тарап өз эсебинен реконструкциялай турган болсо менчик укугу Орусия тарапка өтөт. Орусиянын Коргоо министрлигинин өкүлдөрүнүн маалыматы боюнча, ажырагыс жакшыртууга менчик укугу өткөрүлүп берилбесе акча да бөлүнбөйт.
Бул арада Кыргызстандын Башкы штабы Кант аэродромунун учуп-конуу тилкесиндеги жерлер Кыргызстанга таандык экенин билдирген.
«Макулдашуу түзүлгөндөн бери учуу-конуу тилкесин учурдагы оңдоп-түзөө иштери орустар тарабынан жүргүзүлүп келген. Документ аяктагандан кийин, учуп-конуу тилкеси кыргыз тарапка кайтарылып берилет»,-деп айтылат башкы штабдын маалыматында.
Белгилей кетсек, 2003-жылдын сентябрында Орусия Кант шаарында бириккен россиялык аскердик базаны жайгаштыруу жөнүндө Кыргызстан менен 15 жылдык келишим түзгөн.
2016-жылдын 1-декабрында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев келишимдин аягында базаны жабуу чечимин билдирген. Бирок, 2017-жылдын 28-февралында Орусиянын президенти Владимир Путин Атамбаев менен болгон жолугушуусунда, эгерде Кыргызстанга мындай базанын кереги жок болсо, анда орус аскерлери «ошол эле күнү» чыгып кете турганын айткан.
2019-жылдын 28-мартында Орусиянын президенти Владимир Путиндин Бишкекке болгон иш сапарынын алкагында тараптар 2012-жылдагы келишимге республиканын аймагындагы Орусиянын аскер базасынын абалы жана шарттары жөнүндө өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизишкен.