• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Каныбек Осмоналиев үй камагына чыгарылды

27 Кулжа 202011:55 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Биринчи май райондук соту экс-депутат Каныбек Осмоналиевди үй камагына чыгарды. Бул тууралуу Govori.TVга  жактоочу Шарабидин Токтосунов билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай чечим кечээ, 26-июнда чыккан.

“Ден-соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылды. Учурда ал дарыгерлердин көзөмөлүндө”, — деди жактоочу.

Буга чейин Осмоналиевдин ден-соолугу начарлап «Тез жардам» кызматы чакыртылып, COVID-19 вирусуна карата ПЧР-анализ тапшырган. Учурда жыйынтыгы чыга элек.

Эске салсак,  Каныбек Осмоналиев 2-мартта Бишкекте камактагы саясатчы Садыр Жапаровду колдоо боюнча митингди алып барган. Нааразылык акциядагы башаламандыктан кийин ошол эле күнү кармалган.

Количество просмотров: 486