• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Көлбаевдин кылмыштуу тобундагы «Алтуха» үй камагына чыгарылды

5 Тогуздун айы 2023 9:15 Бишкек Govori.TV

«Алтуха»  каймана аты бар кримтөбөл Алтынбек Ибраимов үй камагына чыгарылды. Маалыматты Биринчи Май райондук сотунан тастыкташты.

Маалым болгондой, баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчүн сотко УКМКнын тергөөчүлөрү киргизген.

Эске сала кетсек, УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүмү (Алдамчылык) боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында, 23-майда, Бишкекте жана Чүйдө Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү «Алтуха» деген  каймана аты бар А.И., А.К., «Протез» каймана аты бар А.Ш. жана «Кения» каймана аты менен белгилүү К.Т. кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.

Количество просмотров: 373