Бишкекте ооруканалардын биринде катталган баланын өлүмүнөн кийин камакка алынган 5 дарыгер үй камагына чыкты. Бул тууралуу юрист Чынара Жакупбекова жазды.
Бишкек шаардык соту маалымат такталып жатканын билдирди.
Ичи ооруп, алгач Балдардын тез жардам клиникалык оорусуна, андан соң Эне-баланы коргоо борборуна жеткирилип, ошол жакта былтыркы жылдын 14-ноябрында чарчап калган үч жашар наристенин өлүмүнө байланыштуу Ленин райондук милициясы Кылмыш-жаза кодексинин «Медицина же фармацевтика кызматкеринин кесиптик милдетин талаптагыдай аткарбаганы» деген беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Алты дарыгерге айып тагылган. Алардын бирөө үй камагына чыгарылып, калган бешөө камакка алынган.