• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Каныбек Осмоналиевдин камактагы мөөнөтү 2 айга узартылды

30 Чын куран 2020 10:29 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда экс-депутат Каныбек Осмоналиевдин бөгөт чарасы каралып, камактагы мөөнөтү 3-июлга чейин узартылды. Мындай чечимди Биринчи май райондук соту кабыл алды. Бул тууралуу анын жактоочулары билдирди.

Эске салсак, 2-мартта Ала-Тоо аянтында камактагы экс-депутат Садыр Жапаровду колдогон митинг өтүп, акциядан кийин көпчүлүк эл Ак үй тарапка агылган. Алар менен күч органдарынын ортосунда кагылышуу чыгып, милиция элди күч менен тараткан.

Митингден кийин Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) бийликти күч менен басып алууга аракет жасаган деген шек менен Жогорку Кеңештин экс-депутаты Каныбек Осмоналиевди жана мурдагы судья Анар Дубанаеваны кармаган.

Количество просмотров: 229