• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Экс-депутат министр болду. Жасалма документ менен жер саткандар кармалды

24 Бирдин айы 2023 18:00 Бишкек Govori.TV

ЖАПАРОВ БАТКЕНГЕ БАРДЫ

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Баткен облусунда жумушчу сапары менен жүрөт. 

Жумушчу сапардын алкагында Акылбек Жапаров Баткен облусунун кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында 2022-жылдын 14-17-сентябрь күндөрү орун алган каргашалуу окуялар учурунда талкаланган турак жайлардын ордуна салынган үйлөрдүн сапаты менен таанышат.

Эске салсак, жалпысынан 418 үй жарактан чыккан, анын ичинде Баткен районунда – 317, Лейлек районунда – 100 жана Баткен шаарында 1 турак жай талкаланган. 

Ошондой эле Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Баткен жана Ош облустарында болгон куралдуу кагылышуунун кесепетинен бузулган жана талкаланган административдик-аймактык бирдиктерди калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын көчмө отурумуна катышат.

БИЛИМ БЕРҮҮ МИНИСТРИ  КЫЗМАТТАН КЕТТИ

Каныбек Иманалиев билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка мамлекет башчысы Садыр Жапаров кол койду.

Президенттин администрациясынын басма сөз кызматы Каныбек Иманалиевдин талапкерлиги Жогорку Кеңешке сунушталганын билдирди. Сунуш кийинки жумада боло турган жалпы жыйында каралат.

Жазуучу, журналист, саясатчы Каныбек Иманалиев 1969-жылы Кемин районундагы Кайыңды айылында туулган. Президенттин басма сөз катчысы, «Учкун» акционердик коомунун директору сыяктуу кызматтарды аркалаган жана Жогорку Кеңештин төрт чакырылышына депутат болгон.

Белгилей кетсек бүгүн, билим берүү министри Уланбек Мамбетакунов президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, ээлеген кызматынан бошотулганы кабарланган. Бирок министрдин кызматтан кетип жатканынын себеби так айтылган эмес. Ал Уланбек Мамбетакунов өзүнүн Фейсбук баракчасы аркылуу билдирүү калтырып, «Ишенимиңиздерге ыраазычылык! Кандай болбосун мен билим берүү системасында калам», — деп жазган.

ТАЛАШ ЖАРАТКАН ЖМК МЫЙЗАМЫ

Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндөгү мыйзамды иштеп чыгуу үчүн түзүлгөн жумушчу топ өз сунуштарын президенттик администрацияга жолдошту. Медиа коомчулукту түйшөлткөн негизги маселе – жалпыга маалымдоо каражатын кайра каттоо жана каттоодон баш тартуу, кызмат адамдарын сындоого тыюу салуу тууралуу нормалар болууда.

МАМКЫЗМАТКЕРИ АЛДАМЧЫЛЫККА ШЕКТЕЛҮҮДӨ

Жалал-Абад облусунун Сузак райондук архитектурасынын кызматкери алдамчылык иши боюнча кармалды. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалыматына ылайык, Сузак райондук архитектурасынын адиси 21-февралда кармалган.

Шектүү башка жаранды ортомчу кылуу аркылуу жер тилкесин берүү боюнча Сузак айыл өкмөтүнүн жасалма токтомун пайдаланып, жеке турак жай куруу үчүн 2 жер тилкесин мыйзамсыз сатып жиберген. Аталган жерлер Дыйкан жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлери болуп, айыл чарба өндүрүшүнө арналган.

«Кармалган кызматкердин жумуштук кеңсесин тинтүү учурунда Сузак айылындагы жер тилкелеринин жасалмалоо белгилери бар 200дөн ашык документтери табылып алынган», — деп айтылат маалыматта.

Учурда кармалган эки жарандын башка ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгын аныктоо иштери жүрүүдө.

ИЗДӨӨДӨ ЖҮРГӨН РОССИЯНЫН ЖАРАНДАРЫ КАРМАЛДЫ

Кыргызстанда эл аралык издөөдө жүргөн Россиянын эки жараны кармалды. КР Ички иштер министрлигинен кабарлашкандай, алар өз өлкөсүндө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн.

“Жакында Кыргызстанга Россия Ички иштер министрлигинин Бурятия Республикасы боюнча ыкчам-издөө тобу оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасашкандыгы үчүн издөө жарыяланган жарандары боюнча келишкен.Көрүлгөн чаралардын натыйжасында Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагынан РФда «Каракчылык» жана «Бандитчилик» беренелеринин негизинде издөөдө жүрүшкөн россиялык жарандар 1988-жылы менен 1986-жылы туулган жарандар  кармалган. Аларга 2016-жылы мамлекеттер жана эл аралык издөө жарыяланган», деп айтылат маалыматта.

Кошумчалангандай, жогоруда көрсөтүлгөн жарандар уюшкан кылмыштуу топтун курамында Бурятиянын калк жыш жайгашкан пунктарында жана Улан-Удэ шаарынын аймагында күйүүчү май куючу жайларга жана дүкөндөргө бир нече жолу каракчылык менен кол салууга айыпталышууда.

Азыркы учурда кармалган жарандар камакка алынды. Жакынкы арада аларды экстрадициялоо маселелери чечилет.

Количество просмотров: 2519