• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Каныбек Иманалиев, ЖК депутаты: “Индира Жолдубаеванын иши боюнча депутаттык комиссия түзүлсүн!»

11 Чын куран 2018 10:21 Бишкек Govori.TV
Бишкек 11.02.2018. Govori.TV
“Башпрокурор Индира Жолдубаеванын ишмердигин иликтөө үчүн ар бир фракциядан 2ден депутат киргизип, депутаттык комиссия түзөлү!». Бул сөздү ЖКнын жыйынында депутат Каныбек Иманалиев айтты.
Ал белгилегендей, Башпрокурорду ушул парламент шайлагандыктан, парламент өзү да толук жоопкерчиликти алып, Индира Жолдубаеванын кызматтык ишмердигиндеги мыйзамсыз кадамдарды карап чыгуу керек.
 “Ушул жерден Өмүрбек Текебаевди, Канат Исаевди чыркыратып сүйрөп кетип жатканда, мыйзамсыз ондогон саясатчыларга иш козгоп, камакка киргизип жатканда мыйзамсыз экендигин айтып турдук. Ошондуктан, эми ошол мыйзамсыз аракеттерге укуктук жана саясий баа берүү мезгили келди”,-деп айтты эл өкүлү.
Эске сала кетсек, бүгүн ЖКда Президенттин Башпрокурор Индира Жолдубаеваны кызматтан алуу боюнча сунушу каралууда. Маселени күн тартибине киргизүүгө 104 депутат макулдук берди.
Количество просмотров: 39