• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Канышай Мамыркулова камактан кайрылуу жолдоду

21 Жалган куран 202515:52 Бишкек Govori.TV

 20-мартта камалган журналист, активист Канышай Мамыркулова кайрылуу жолдоду.

Анын камактан жазган кайрылуусун активист Аманбол Бабакулов соцтармакка жарыялады.

«Мен кылмыш кылганым жок. Мен принцип деген сапатты, элди, элдүүлүктү, жерди сактайлы деп пикиримди билдирдим»,-деп жазган ал.

Канышай Мамыркулованы үйүнөн милиция кармап кеткени 20-мартта белгилүү болгон. Мамыркулова 48 саатка камакка алынган.

ИИМ маалымат таратып, соттук-лингвистикалык экспертизанын корутундусунун негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесине ылайык («Массалык баш аламандыктар») иш козголуп, Мамыркулова Бишкек милициясынын убактылуу кармоо жайына камалганын маалымдаган.

Количество просмотров: 1699