• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Канышай Мамыркулова СИЗО-1ге которулду

24 Жалган куран 202518:19 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Свердлов райондук сотунун чечими менен 2 айга камакка алынган журналист Канышай Мамыркулова СИЗО-1ге которулду.

Белгилей кетсек, 22-мартта Бишкектин Свердлов райондук соту журналисттин бөгөт чарасын карап, 19-майга чейин камакка алуу чечимин чыгарган.

Мамыркулованы 20-мартта үйүнөн алып кетишкен. Бишкек шаардык милициясында сурак берген соң 48 саатка камакка алынган.

ИИМ соттук-лингвистикалык экспертизанын корутундусу чыкканын, буга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесине ылайык («Массалык баш аламандыктар») иш козголуп, Мамыркулова Бишкек милициясынын убактылуу кармоо жайына камалганын кабарлаган.

Ал эми адвокат Нурбек Сыдыков Канышай Мамыркулова дагы бир берене боюнча айыпталып жатканын кечээ билдирди. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин («Улут аралык кастыкты козутуу») негизинде да айып тагылган.

Количество просмотров: 179