• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Канышай Мамыркулованы кармап кетишкени айтылды

20 Жалган куран 202516:05 Бишкек Govori.TV

Журналист Канышай Мамыркулованы бүгүн, 20-мартта үйүнөн кармап кетишкен. Бул тууралуу жарандык активист Аманбол Бабакулов соцтармак баракчасы аркылуу билдирди.

Бабакуловдун айтымында, ага Канышай Мамыркулованын кызы чалган.

«Үйүнөн бүгүн 4-5 киши алып кетиптир. Учурда Канышай эже кайда экени айтылды, мага жактоочусу кабарлашты. Аны Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына алып кетишиптир», — деди Бабакулов.

Журналист Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгүнө («Массалык баш аламандыктар», «Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар») байланыштуу кармалганы айтылууда.

Тийиштүү мекемелерден расмий маалымат бериле элек.

Количество просмотров: 629