• Ишенби 4 Теке 2026
  • Суббота 4 Июль 2026

Канжар Кадыралиевге карата кылмыш иши токтотулдубу?

18 Кулжа 201913:45 Бишкек Govori.TV

Бишкек.18.06.2019.Govori.TV.

Ош прокуратурасынын мурунку кызматкери Канжар Кадыралиевге карата кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу анын карындашы мурдагы депутат Ыргал Кадыралиева өзүнүн социалдык түйүндөгү баракчасына жазды.

Белгилүү болгондой, кечээ Октябрь райондук соту өкүмдү чыгарды. Иш мөөнөтүнөн өтүп кеткен үчүн токтотулду.

Эске салсак, 2014-жылы бир канча киши Ош прокуратурасынын кызматкери Канжар Кадыралиевдин иш-аракетине карата арызданышкан. Ага карата «Пара талап кылуу», «Бейбаштык», «Өзүм билемдик» беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Канжар Кадыралиев тергөө органдарынан качып жүрүп, 2015-жылы мартта өз күнөөсүн алып келген. Ал № 1 тергөө абагында отуруп, 2015-жылдын акырында үй камагына чыккан болчу.

Количество просмотров: 19