Бишкек.18.06.2019.Govori.TV.
Ош прокуратурасынын мурдагы кызматкери Канжар Кадыралиевге карата кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу Бишкек шаардык соту кабарлаган.
Иш мөөнөтүнөн өтүп кеткен үчүн, аны токтотуу чечимин 17-июнь күнү Октябрь райондук соту чыгарган.
Эске салсак, 2014-жылы бир канча киши Ош прокуратурасынын кызматкери Канжар Кадыралиевдин иш-аракетине карата арызданышкан. Ага карата «Пара талап кылуу», «Бейбаштык», «Өзүм билемдик» беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.