• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

«Жалган айтылган маалымат элди иренжитет». Каптагаев Жыргалаң боюнча билдирүү жазды

4 Баш оона 2023 14:55 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусунун мурдагы башчысы Эмилбек Каптагаев «Фейсбуктагы» баракчасында өкмөттүн «12 жыл иштебей турган Жыргалаң көмүр кени ишке киргизилди» деген маалыматы боюнча Фейсбуктагы баракчасына билдирүү жазды.

«Ири-ири иштер аткарылып жатканда, ушундай майда-барат жалган айтылган маалымат элди иренжитип, ишеничти кетирет го дейм. Ишке кирди деп айтылып жаткан кичи-шахта Бакыт Дөргөев ачкан «Дөргө-көмүр» ишканасы. Алына жараша иштеп эле келе жаткан, чамасы чакан эле шахта. Ал жерде көп эле болгом. Ал эми айтылуу «Жыргалаң көмүр шахтасы» иштебей калган. Ичине суу толуп, ошол бойдон турат азыр деле. «12 жыл иштебей калган шахта кайра иштеди» дегенди уккан аксуулуктар, жыргалаңдыктар эмне дешет болду экен?», — деп жазды ал.

Эске салсак, кечээ 3-августта МинКаб төрагасы Акылбек Жапаров 12 жылдан бери иштебей турган Жыргалаң көмүр кенин ишке киргизди деген маалымат жарыяланган.

Количество просмотров: 125