• Шаршемби 1 Теке 2026
  • Среда 1 Июль 2026

Каптагаев: Барымтага алууну уюштурууда Жапаровдун катыштыгы бар же жок деп так кесе айта албайм

4 Жалган куран 202016:30 Бишкек Govori.TV

Саясатчы Эмилбек Каптагаев Садыр Жапаровдун иши боюнча билдирүү жазып, коомдогу айтылып жаткан пикирлерге жооп берди.

Анын социалдык тармактагы жарыяланган билдирүүсүн өзгөртүүсүз беребиз:

Кечеги Садыр Жапаровдун иши боюнча Башкы Прокурор Өткүрбек Жамшитовго ачык кайрылуумдан кийин мага көп суроолор берилип жатат — Садыр менен өз ара мамилем, ага карата көз карашым боюнча. Кай бирлери мага «эки жүздүүлүк» боюнча айып да коюшууда, мурда ага карата башка сөз айтып, азыр башка айтып жатасыз дегендей… Жаңылыш айтып алышым мүмкүн, калпыс сүйлөп алышым мүмкүн, бирок Кудай алдында дагы, өз абийирим алдында дагы так кесе айта алам — өмүрү эки сүйлөп, эки жүздүүлүк кылган эмесмин, бирөөлөргө карасанатайлык кылып, курулай жалаа да жапкан эмесмин. Ошондуктан бул жерге өз позициямды ачык, так жазып коюуну туура көрдүм. Өзүңөр окуп, өзүңөр таразалап аласыңар деп ишенем.

Биринчиден, Садыр Жапаров менен мамилем өтө татаал эле, каршылаш болуп жүрдүк десем дагы болот, өз ара эч кандай жеке карым-катнаш жок, болгон дагы эмес. Учурунда ал өз китебинде мага карата бир топ ушак, жалааларды жазган, анын жазгандарына карата мен мындан 4 жыл мурда өз позициямды Фейсбукта билдиргем, азыр дагы ошол эле позициядамын, эч нерсе өзгөргөн жок. Ошол учурда «…эгерде ал жазгандарын фактылар, документтер менен далилдей алса, анда мен саясаттан дагы, кызматтан дагы биратоло кетем…» — деп жазгам. Менин ал кайрылуума Садыр Жапаров тараптан эч кандай жооп болгон эмес. Ошол постумдун көчүрмөсүн коюп койдум, таанышсаңар болот. Мурда деле көпчүлүгүңөр аны окугансыңар. Ал маселе боюнча Кудай буюруп Садыр Жапаров түрмөдөн бошоп чыкса өз ара такташып алабыз деген ойдомун.

Экинчиден, 2013-жылдын 7-октябрындагы мени барымтага алуу окуясы боюнча Садыр Жапаровго карата пикирим бир беткей болгон эмес, учурунда андан дагы бир топ шектенгем. Ал боюнча дагы Фейсбукка өз ой- пикиримди көп эле жазгам, а түгүл 2016-жылы Кенжебек Жумабаевдин сотунда тергөө жакшы жүрбөй, балдардын четинен кармаганын эле бирден соттоп жатышканына нааразы болуп, ошол барымтадага алууга катышкандардын баары тең Садыр Жапаровго тиешелүү адамдар болуп, алар изделбей, кармалбай жатканына дагы нааразы болуп, ушулардан улам анын дагы бул ишке тиешеси бар экени көрүнүп эле турбайбы, эмнеге тергөө органдары бул жагдайга көңүл бурбайт — деген ойду айткам. Барымтага алууга катышкандардын баардыгы ага тикелей тиешеси бар экендигин, алар Жапаровдун жээндери, кудасынын баласы, жардамчысы, штабынын мүчөсү, ал жердеги кызыл машине дагы анын бир тууганына тиешелүү экенин көргөн кишиде албетте суроо туулмак, ага деле ошол учурда оюна ушундай тыянак келмек — тиешеси бар — деп, а түгүл кай бир маалымат каражаттары ошентип жазып дагы, айтып дагы жатышпады беле. Чынында эле барымтага алууга тикелей катышкандардын арасында Садыр Жапаровго тиешеси же тааныштыгы жок чоочун бир да киши жок, баарынын тиешеси бар. Ошол учурдагы менин авалымдагы жабыр тартып турган башка киши балким менден да катуу кетмек, органдарга тикелей арыз деле жазмак — Жапаровду жазага тартууну суранып, аны оозунан түшүрбөй кыйкырып жүрмөк. Колдо так далил жок болгондуктан андай кадамдарга барган жокмун. Ошондуктан ал учурдагы айткан пикиримди, айтылган сөздөрдү танбайм. Айткан сөзүмдү айттым, жазган оюмду жаздым деп эле айтам, бул жерде коркуп-үркө турган, уяла турган эч нерсе жок. Ошондуктан бул жерге ошол соттогу сөзүмдүн видеосун жүктөп койдум, өзүңөр деле уксаңар болот эмне деп, сөз кандай мааниде айтылганын.

Үчүнчүдөн, өзүм дагы териштирүү жүргүзүп, фактыларды талдап, митингиге катышып жүргөндөрдүн, алардын ичинен кармалгандардын баарынан сурак учурунда дагы, сот учурунда дагы сурап жаттым — Садыр Жапаровдун кандай тиешеси бар, катышты беле — деп. «Тиешеси бар, ошол уюштурган» — деген жоопту эч кимден укпадым. Балким чынында эле тиешеси жок, балким баары тең чындыкты жашырып жатышат, бул жөнүндө дагы эч нерсе деп айта албайм. Мына ошондон улам, Садыр Жапаровго бийлик тарабынан ушул күнөө тагыла баштагандан баштап так далил талап кыла баштадым, далилдеп бергиле деп. Тергөө дагы, көптөгөн соттор дагы андай далил бере алышпады. Мына ошондо 2017-жылдын 23-мартында (Садыр Жапаровдун Кыргызстанга келерине дагы эки-үч күн бар болчу) өзүмдүн Фейсбук баракчама атайын пост жаздым, Садыр Жапаровдун үстүнөн арыз жазган эмесмин, жазбайм дагы, анын окуяга катыштыгы бар экендигине менде эч кандай далил жок, ага карата менин суроом дагы, доом дагы жок, анын келе турганы же келбей турганы мага эч кандай кызык маселе эмес деп. Ал жазганымдын көчүрмөсүн дагы бул жерге тиркеп койдум, окусаңар болот.

Төртүнчүдөн, Садыр Жапаров Бишкекке учуп келген учурда ага карата, анын балдары менен жакындарына карата бийлик тарабынан болгон зомбулукка мен дагы нааразы болдум, капа болдум, ал жерде атайын эле провокация жасалып жатканы даана эле көрүнүп турду да, мындай мыйзамсыздык болбойт деп өз оюмду ачык билдирдим. Ошол жазганымдын көчүрмөсүн дагы бул жерге жайгаштырдым, окуп койгула.

Бешинчиден, Садыр Жапаровдун соту башталган күндөн тартып ушул күнгө чейин менин позициям өзгөргөн жок. Ар бир сот отурумунда талап кылып жаттым, анын күнөөсүн тастыктаган далилдерди бергиле, далилдесеңер маа демектен атып салгыла, ал эми далил жок болсо жөнү жок айып тагуунун кереги жок, бошоткула деп. Андай далилдер Кылмыш ишинде жок. Мына ошондон улам Садыр Жапаров акталуусу зарыл деген талапты койдум, коюп дагы келе жатам. Соттун өкүмү чыккан күнү дагы ал боюнча өз оюмду ачык айткам, ачык жазгам. Анын көчүрмөсүн дагы бул жерге тиркеп койдум, окусаңар болот.

Алтынчыдан, барымтага алуу ишинин жагдайы тергөөдө, соттук териштирүүдө ачылган жок, тергөө тарабынан андай аракет да болгон жок, ким уюштурду, кандай максатта уюштурду деген суроолор дагы да жоопсуз калууда. Табышмактуу жагдайлары да толтура, мисалы, ошол эле 2013-жылдын 7-октябрь күнү, мен машинеде отурган чакта Өкмөттүн пресс-кызматы аркылуу барымтага алууну Каптагаев өзү, анан Отунбаева менен Бабанов болуп биргелешип уюштуруп жатат деген маалымат таркатылган. Бул жагдай териштирилген жок, өкмөттүн бул жерде кандай кызыкчылыгы бар экендиги, эмне максат менен Отунбаева менен Бабановду жабыштыра калышканы такталган жок. Орто жерде Садыр Жапаров чет жакта жүрүп барымтага алууну бийлик өзү уюштурган деген маалыматты таркаткан, бирок эмнеге таянып муну айтканын эмдигиче тастыктай элек. Ошол эле күнү ГКНБнын башчысы генерал-лейтенант Табалдыев менен МВДнын башчысы Суранчиев президент Атамбаевке «…Каптагаев барымтада эмес, жөн эле балдар менен сүйлөшүп отурат, чыкпайсызбы деп милиса кызматкерлер айтса отура турайын деп болбой койду…» — деп рапорт берген имиш, мунун мага Атамбаев өзү айткан, ошону менен бирге тиги экөөн менин көзүмчө сөккөн мамлекет башчысына калп айтасыңар деп, анан экөөнө тапшырма да берген — ошондой жалган маалыматтын чыгышын иликтеп, балким силерди да жаңылыштырган күнөөлүнү жоопко тарткыла деп. Андан деле майнап болбоду. Андай жалган маалыматты эки генерал жандарына эмне күч келип Атамбаевге айтышканы белгисиз бойдон калды. Унуткарып эле тим болушту. Кийин ГКНБга төрага болгон, ал учурда Атамбаевдин кеңешчиси кызматында турган Абдиль Сегизбаев мага Кенжебек Жумабаев коопсуздук органынын агенти экен, атайын тапшырма менен жүрөт деген маалыматты да айтты, бул суроо дагы азыр ачык бойдон турат. Иши кылып баш айланткан жагдайлар толтура. Аман болсок акыры чындык чыгат деген эле ишеним, башкысы бейкүнөө эле адамдар жабыр тартып, жок жерден соттолуп тагдыры сынбасын. Менин тилегим эле ошол.

Мына ушундай туугандар, азыр дагы барымтага алууну уюштурууда Садыр Жапаровдун катыштыгы бар деп дагы, жок деп дагы так кесе айта албайм, бирок аны соттоого негиз болгон кылмыш ишинде күнөөсүн далидей турган фактылар, көрсөтмөлөр жок экендигин так эле айта алам. Ошондуктан бул маселе боюнча мени «эки жүздүү» кылууга аракет кылбай эле койсоңор болот. Эки ача сүйлөгөн да жокмун, эки башка көрсөтмө берген да жокмун. А түгүл Бишкек шаардык сотуна Садыр Жапаровдун ишин кайра карап, аны актап бергиле деген арызды да өзүм жаздым. Бул жөнүндө анын адвокаты Шарабидин Токтосуновдон сурап алсаңар болот. Мен пенделик кылып кырдаалдан пайдаланып Садыр Жапаровдон өч алууну максат кылган да жокмун, ал жөнүндө ойлонгон да жокмун, бирок ага карата болгон жеке пикиримди өзгөрткөн да жокмун.

Ошондой эле бул ишке байланыштуу камалган балдарга да душман болгон жокмун, баарына кечирим бердим, соттордон акыйкаттыкты талап кылып, ар бирине карата калыс, мыйзамдуу чечим чыгарууну талап кылып келдим. Аларда мага карата жеке душмандык же дагы кандайдыр бир туура эмес пикир жок болчу. Анткени ал окуядан 6 күн эле мурда 2013-жылдын 30-сентябрында мен бир күн бою Саруу айылында болгом, ал жерде жаңыланып оңдолгон стадиондун ачылышы болуп, спорт оюндары өткөрүлүп, анан келген меймандарга сый тамак берилген. Мына ошол жерде митингилердин жигердүү уюштуруучулары, айыл аксакалдары болуп чогуу-чаран эле бир боз үйдө тамак ичип кечке жуук тараганбыз. А түгүл кезектеги митинг маселесин да талкуулаганбыз, анткени алар митингди 10-октябрга болжоп жатышкан. Алардын мага карата ниеттери кара болсо ал күнү бирге дасторкондо отурмак эмесмин да… Анча эле мени барымтага алгылары келишче ошол күнү эле кала бермекмин Сарууда… өз эрким менен. Анан чукулунан эле митинг 7-октябрга жылып калды, аны мен ошол күнү эртең менен Бишкекте жүрүп уктум, анын себептери да коомчулук үчүн купуя бойдон калды. Менин айтайын дегеним ошол учурда Кумтөр боюнча нааразычылык акцияларын, митингилерди уюштуруп, аларга катышып жүргөн жигиттер эл үчүн, жер үчүн деген улуу кыялга жетеленип Кумтөр кени боюнча акыйкат чечимди талап кылып жүрүшкөн, анан алар акыры булганыч провокациянын, түшүнүксүз саясаттын курмандыктары болуп калышканын азыр элдин баары билип, түшүнүп турбайбы. Жалындап күйүп турган чактарында тагдырлары сынып, турмушта өксүп калышкандары аябай өкүнүчтүү. Бирок алардын өлкөбүз үчүн, эл үчүн кыла турган кызматы али алдыда деп ишенем.

Ушул түшүндүрмөм менен өзүм үчүн Садыр Жапаров темасы жабык деп эсептейм, окуялар боюнча чындык акыры чыгат, кимдин ким экенин мезгил өзү тастыктайт.

https://www.facebook.com/permalink.php?story_fbid=1177320225803413&id=100005763398264

Эске салсак, 2-мартта Бишкек шаарынын борбордук Ала-Тоо аянтында камактагы саясатчы Садыр Жапаровду бошотууну талап кылган митингдин соңунда милиция менен митингичилер кагылышып, милиция митингдин катышуучуларын күч менен таркатып, айрымдарын кармаган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет митингге байланыштуу эки кишини, анын ичинде экс-депутат Каныбек Осмоналиевди убактылуу кармоочу жайга киргизди. УКМК алар «бийликти басып алууга аракет кылган» деп шек саналып жатканын билдирүүдө.

Садыр Жапаров Караколдогу митингде мамлекеттик кызматкерди барымтага алууга тиешеси бар деген негиз менен 2017-жылы камакка алынган. 2019-жылы Жогорку сот төмөнкү инстанциядагы чечимди кайра караган жана мурдагы жаза мөөнөтүн бир жарым жылга кыскартып, он жылга кескен.

Буга чейин Жапаров президентке ырайым сурап кайрылган. Президент Сооронбай Жээнбеков бул маселе мыйзамга ылайык чечилерин билдирген.

Количество просмотров: 117