• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Каптагаев: Орусия талибдерди көрсөтүп «бөө келтат» деп бизди коркутуу аракетин кылат

17 Баш оона 2021 15:23 Бишкек Govori.TV

Ооганстандагы акыркы окуялар тууралу саясатчылар, эксперттер өз пикирлери менен байма-бай пикирлери менен бөлүшүшүүдө. Мамлекеттик ишмер Эмилбек Каптагаев өз пикирин фейсбук баракчасына жазды.

Анын айтымында, Орто Азия өлкөлөрүнө анын ичинде Кыргызстанга кирип келет деп кооптонунун кереги жок.

«Афган темасы боюнча… Билип-билбей, түшүнүп-түшүнбөй эле өйдө-төмөн талкуу… Жер жүзү ызы-чуу…
Катуу талкуу болуп жаткан теманын бири — талибдер Орто Азиядагы башка мамлекеттерге, анын ичинде Кыргызстанга кирип келеби же жокпу? — деген суроо.
Менин жеке оюм. Пулемет көтөргөн селде-дамбалчандар басып кирип келбейт, бирок Орусия аларды көрсөтүп «бөө келтат» деп бизди коркутуп, кысым көрсөтүп, биратоло чүлүктөп жетелеп алуу аракетин кылат.
Бирок, талибдер Орто Азия өлкөлөрү үчүн өтө чоң коркунуч болуп калганы чындык. Анткени «талиб» вирусу жуккан, аны менен ооругандар арабызда толтура, ар бир айыл, ар бир шаарда бар. Афган талиблеринин күч алуусу бул жакка жигер берет, шыктандырат, дүрбөтөт. Кайсы бир шарттарда алар баш көтөрүп, бир агымга биригип, нугунан чыккан суудай каптап кетүүсү толук ыктымал. Бул реалдуулукту жадыбыздан чыгарууга болбойт», — дейт ал.

Кыргыз бийлиги Ооганстандагы чукул өзгөргөн кырдаалга кылдат жана астейдил көз салып жатканын маалымдады. Ооган президенти Ашраф Гани өлкөдөн чыгып кеткенден бир суткадан соң жасалган расмий билдирүүдө Садыр Жапаров ал жактагы кырдаалды байкап турганы айтылат.

Ал арада Кыргызстан Ооганстанга гуманитардык жардам катары 500дөй студенттик виза бергенге даяр экенин жарыялады. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев айтканын мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалымат үчүн: «Талибан» Кыргыз Республикасынын аймагында террористтик жана экстремисттик уюм катары таанылган жана ишмердүүлүгүнө тыюу салынган диний бирикмелердин тизмесине кирет.

Количество просмотров: 2301