• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Эмилбек Каптагаев: Акаевде таптакыр бет деген жок экен

22 Бугу 2023 16:54 Бишкек Govori.TV

Коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев мурдагы президент Аскар Акаевдин Кыргызстанга келиши боюнча өз пикирин Фейсбуктагы баракчасына жазды.

«Мөөнөтү өтүп кетти деген шылтоо менен сот жообуна тартылбайт деген күнөөсү жок дегенди билдирбейт. Күнөөсү опол тоодой эл алдында. Анан ошого шүгүр деп ошол жакта тымпыйып отура бербей бетин таптакыр сыйрып таштап аялын колтуктап алып эдиреңдеп кайра жетип келгени элдин бетине эки эселеп жаба түкүргөнгө тете эле жорук»,-деп жазды ал.

Эске салсак, 2005-жылдагы «Жоогазын революциясынан» кийин Орусияда башкалкалап жүргөн мурдагы президент Аскар Акаев жана анын жубайы Майрам Акаеванын Бишкекке келген. Мурдагы президент жогорку окуу жайларда лекция окуй турганы белгилүү болгон.

Мындан соң Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университеттин айрым студенттери мурдагы президент Аскар Акаевдин лекция окушуна каршы болуп, алар аталган окуу жайдын ректору Мирлан Чыныбаевге кайрылуу жолдошкон.

Количество просмотров: 100