• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Каптагаев: Билермандар, мал башына салык салуу идеяңарды токтоткула

24 Бугу 2023 15:49 Бишкек Govori.TV

Мындай пикирин коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев Фейсбуктагы баракчасына жазды.

«Урматтуу билермандар, мал башына салык салуу идеяңарды токтоткула, мындай салык салуу менен жайыттардын деградациясын оңдоого мүмкүн эмес, «салык төлөгөндөн качып эл малды аз багып калат, анан жайыт оңолот» деген чолок ой түпкүлүгүндө дурус эмес. Токсон тогуз пайыз эл малды бизнес үчүн бакпайт, күнүмдүк оокат үчүн багат, эптеп балдарды ачка кылбай багып, окутуп-чокутуп алайын деп багат»,-деп жазды Каптагаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев мал-жандыкка салык салуу мыйзам долбоорун иштеп чыгып, коомдук талкууга койду.

Ага ылайык, эгер бир үй-бүлө 40 койдон жана эчкиден, үч баш бодо малдан жана эки жылкыдан ашык мал кармаса салык төлөөгө милдеттендирилет. Мисалы, эгер коюнун саны 41 болуп калса бирөө үчүн эмес, 41ине тең салык төгөт. Салыктын ставкасын жылына бир кой-эчкиге 100 сом, бодо мал менен жылкыга 250 сомдон белгилөө сунушталды.

Количество просмотров: 125