• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Каптагаев: Учурда КСДП баарын жыйыштырып коюп «мышык-чычкан» оюну менен алек

1 Жетинин айы 2018 11:48 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 01.10.2018. Govori.TV.

Учурда КСДПда болуп жаткан кырдаал боюнча Эмилбек Каптагаев өз оюн фейсбук баракчасына жазып чыккан. Текстти өзгөркүүсүз беребиз.

«»Мышык-чычкан» деген оюн болоор беле… «…мышык чычкан ойнойбуз, мышык жолун торгойбуз…» — деп ырдайт эле бөбөктөр бала-бакчаларда … Учурда КСДП партиясы (болгондо дагы экс-президент Атамбаев башында турган бийликтеги партия) баарын жыйыштырып коюп ошол «мышык-чычкан» оюну менен алек болуп калды окшойт… «мына минтип, мына минтип…» — деп эле ызылдап атышат… Кече Жогорку Кеңештеги фракция жетекчиси Иса Өмүркуловду «мына минтип, мына минтип…» деп салышыптыр… Андан мурда Жанар Акаев менен Кожогелди Рыспаевди ошентишти эле… Атамбаев эки жыл мурда Конституцияны «мына минтип» кылып салды эле, андан кийинки анын «мына минтип, мына минтип…» деген саясаты аз жерден өлкөнү аңга тыгып сала таштады… Эми дагы эле «мына минтип, мына минтип…» — деп жатып КСДП партиясы кайда барар экен, партиянын ичиндеги «мышык-чычкан» оюну эмне менен бүтөр экен…??? Баамымда Өмүркүловду партиянын катарынан жашыруун жыйын кыла коюп чыгара салуу менен КСДП партиясы Жогорку Кеңештеги фракциясынан да биратоло айрылчудай болуп калды…Учурда КСДП партиясы жөнөкөй эле көптүн бири эмес, бийликтин дагы, өлкөдөгү саясий түзүмдүн дагы башында турган партия экендигине байланыштуу Атамбаевдин «мышык-чычкан» оюну менен «мына минтиби» саясий жана коомдук стабилдүүлүккө залалы тийиши толук ыктымал. Ошондуктан КСДП партиясынын Саясий кеңешинин мүчөлөрү, КСДПнын Жогорку Кеңештеги депуттары, ошондой эле жалпы партия мүчөлөрү өз моюндарындагы жоопкерчиликти сезүү менен тезинен бир бүтүмгө келүүгө милдеттүү деп эсептейм. Өлкөнүн келечеги, элдин кызыкчылыгы партия ичиндеги «мышык-чычкан» оюнунан жогору болууга тийиш»,-деп жазган Эмилбек Каптагаев.

Количество просмотров: 70