• Ишенби 4 Теке 2026
  • Суббота 4 Июль 2026

Каптаган селдин кесепетинен 3 адам каза тапты

10 Кулжа 201916:40 Бишкек Govori.TV

Бишкек.10.06.2019.Govori.TV.

Түркиянын борбору Анкара шаарын 9-июнь күнү түштөн кийин сел каптады. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, нөшөрлөп жааган ак жаан селге айланып, шаардын бир катар көчөлөрүн каптаган. Анын кесепетинен эки адам сууга чөгүп каза тапса, бирөө жүрөгү кармап кайтыш болгон. Андан тышкары, жамгыр бир канча үйдү кыйроого учуратып, көчөлөрдү жараксыз кылган.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Анкара шаарынын Куткаруу кызматы шаардын көчөлөрүн тазалап жатканы айтылды.


Количество просмотров: 14