Чүй облусундагы Бишкек—Ош унаа жолунун 97-98-чакырымында Кара-Балта дарыясына түшүп кеткен 14 жаштагы кыздын сөөгү табылды.
ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришкендей, кырсык 5-июнь күнү болжол менен кечки саат 18:50дө катталган. Издөө иштерин жүргүзүү максатында жерине үч куткаруучу, төрт суучул тартылган. Алар караңгы киргенге чейин издөө иштерин жүргүзүшкөн, бирок натыйжа болгон эмес.
Бүгүн таңга маал саат 06:30 чамасында Кара-Балта дарыясынан изделип жактан кыздын жансыз денеси туугандары тарабынан суудан табылган.